Жалал-Абадда гипс жана гипсокартон листтерин чыгарган завод курулат

Жаңы заводдун капсуласы салтанаттуу түрдө салынып, гипс жана гипсокартон листтерин чыгаруу ОсОО «Мега Юнион Индастри» тарабынан уюштурулат. Салтанатты иш-чарада Искендер Асылкулов Кыргыз Республикасында экономикалык өнүгүү үчүн аталган долбоордун маанисин баса белгиледи. Ал заводдун ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүп, сапаттуу курулуш материалдарына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана жергиликтүү жана улуттук бюджеттерге кирешени жогорулатууга болгон салымын айтты.
2024-жылы экономика жана соода министрлиги, ОсОО «Мега Юнион Индастри» жана кытайлык компания «Hengshui Decheng Machinery & Equipment Co., Ltd» ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жаңы өндүрүш линияларын куруу чечими кабыл алынган.
«Мега Юнион Индастри» компаниясы жергиликтүү экономикага активдүү салым кошуп, Сузак районунун 70тен ашык тургуну үчүн жумуш орундарын сунуштап, жергиликтүү товарларды казып алуу, ташуу жана сатып алуу тармактарын өстүрүүдө. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке жыл сайын 40 миллион сомдон ашык каражат түшөт.
Маалымат: ОсОО «Мега Юнион Индастри» 2008-жылы негизделген, Чангырташ жайлоосунда гипс жүнүн казып жана гипс жана гипсокартон листтерин өндүрүү менен алектенген отандык ишкана.
Учурда ишкана өндүрүүдө:
- 70 000 тоннадан ашык гипс жүнүн, анын ичинен 20 000 тонна гипс өндүрүүгө, 50 000 тоннадан ашыгы цемент заводдорго жөнөтүлүүдө;
- 20 000 тоннадан ашык гипс, анын ичинен 15 000 тонна гипсокартон листтерин чыгаруусуна, 2,1 миллион квадрат метр гипсокартон листтери, бул өлкөнүн түштүгүндөгү муктаждыктардын 70%ын жапкан;
Өндүрүш кубаттуулугун жаңы технологиялык линиялар менен кеңейтүү менен, компания өндүрүү көлөмүн олуттуу жогорулатууга пландаштырууда:
- гипс өндүрүүсү жыл сайын 60 000 тоннага жетет;
- гипсокартон листтеринин өндүрүү көлөмүн жылына 10 миллион квадрат метрге жеткирүү.
Долбоорго болгон жалпы инвестициялар 7 миллион долларды түзөт, жаңы кубаттуулуктарды киргизүү 2025-жылдын сентябрь айына белгиленген.
Обсудим?
Смотрите также:
