Ак-Суй районунда 8 млн долларлык кирпич заводун куруу пландалып жатат
Заводдун курулушу Ак-Суй районунун Алтын-Арашан айылдык аймактагы Бору-Баш айылында жайгашат. Бул тууралуу жергиликтүү айыл өкмөтунун башчысы Эрмек Кулетов билдирди.
Анын айтымына караганда, жаңы өндүрүш ишкана 100 жумуш ордун камсыздайт. «Жер участокту конкурс аркылуу өткөрүү пландалган, анын жеңүүчүсү ОсОО «ТоМ Энерджи» компаниясы болду. Проектке карата инвестициялар 7-8 миллион долларды түзөт», - деп белгиледи ал.
Проектке катышкан инвесторлор Кытай Эл Республикасынан келишти. Заводдун иши жарым жыл ичинде башталаары күтүлүүдө, деп билдирди Эрмек Кулетов.
Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, ОсОО «ТоМ Энерджи» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Джаманкеева Венера Абдыбековна болуп саналат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү турак жайлардын жана турак жайларга кирбеген имараттардын курулушу менен байланыштуу.
Компания 2021-жылдын 26-мартында катталган жана 2024-жылдын 30-декбрында кайра каттоодон өткөн.
Обсудим?
Смотрите также: