Кыргызстандагы жеке инвесторлор менен 5 ГЭСтин курулушу боюнча 300 млн долларга келишим имзаланган, - ГЧПнын орун басары
Анын маалыматына ылайык, долбоорго жумшалган жеке инвестициялардын жалпы суммасы болжол менен 300 млн долларды түзөт.
«Долбоорлорго Ысык-Кул облустундагы Арал дарыясына жакын Чолпон-Ата шаарында жана Чаткалда үч ГЭСтен турган каскад, Ош облусунда Папан ГЭСи кирет. Учурда жеке инвесторлор беш келишимдин төртөө боюнча курулуш жана долбоорлоо боюнча иштерди ужо башташты», – деди Данилбеков.
Мындан тышкары, орун басар учурда 500 МВт иштеп жаткан күн электр станциясы долбоорун ишке ашыруу үчүн эки эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташып жатышканын айтты. Азыркы учурда кытай, араб жана европалык компаниялар катышкан конкурстун биринчи этабы өтүп жатат.
«Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте курулушу даярдык стадиясында турган жел электр станциясы боюнча долбоорун иштеп чыгуу да жүрүп жатат», - деп кошумчалады Данилбеков.
Обсудим?
Смотрите также: