Мүлк салыгын эсептөөлөр. Кимдер бул отчетторду тапшырууга муктаж эмес
Берилген маалыматка ылайык, турак үйлөргө, имараттарга, жайларга жана айыл чарба жерлерине ээлик кылгандар салык органдарына отчет тапшырууга муктаж эмес.
Бул эрежелер рыноктордогу жана мини-рыноктордогу мамлекеттик каттоодон өтпөгөн контейнерлер жана ангарлар сыяктуу турак жай эмес объектилерге да тиешелүү.
Ал эми калктар жашап жаткан жерлердеги турак жай эмес имараттарга, жайларга жана айыл чарбасына тиешелүү эмес жерлерге ээлик кылган ээлер болсо, тиешелүү эсептерди тапшырууга милдеттүү.
Юридикалык жактар үчүн отчетту 1-апрелге чейин тапшыруу талап кылынса, ал эми физикалык жактар үчүн 1-майга чейин тапшыруу керек.
Эми салык органдары турак жай мүлктөрүнө жана айыл чарба жерлерине салыктарды өз алдынча эсептешет жана учурдагы салык периодунун 1-августуна чейин эскертүүлөрдү жиберишет.
Мындан тышкары, базарлардын жана мини-рыноктордун ээлери тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Мамлекеттик салык кызматы алардын аймагында жайгашкан жана ГУ «Кадастрда» катталбаган турак жай эмес имараттар, контейнерлер жана ангардын салыктарын автоматтык түрдө эсептейт.
Бул өзгөртүүлөр салык процесстеринин автоматташтырылышы жана мамлекеттик каттоо системалары менен интеграциялоо аркылуу мүмкүн болду, - деп белгилешти Салык кызматы.
Обсудим?
Смотрите также: