РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Кыргызстан ИБРден $58 млн кредит алат
Экономика

Кыргызстан ИБРден $58 млн кредит алат

373
7-апрель күнү Жогорку Кенештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат менен алектенген комитети Ислам өнүктүрүү банкынан насыя алуу боюнча келишимге макулдугун берди. Бул каражаттар Ысык-Көл облусунда жайгашкан Тамге жана Каракол аймактарында электр өткөргүч линияларын жана подстанцияларды курууга жумшалат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев насыянын суммасы $58,25 млн экенин билдирди. Насыя 25 жылдык мөөнөткө берилет, алты жылдык жеңилдик убактысы менен, проценттик ставкасы 1,5% болот.

Бул акчага 220 кВт кубаттуулуктагы эки подстанция жана 90 км электр өткөргүч линиялары куруу пландалууда. Мындан тышкары "Үч чокус" лыжа базасынын толук электрлендирилиши жүзөгө ашырылат. Бул долбоор үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК