РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » ЕБРР Кемин - Балыкчы электр өткөргүч линиясын курууга €100 млн бөлөт, - Ибраев
Эксклюзив

ЕБРР Кемин - Балыкчы электр өткөргүч линиясын курууга €100 млн бөлөт, - Ибраев

263
- ЕБРР Кемин – Балыкчы электр өткөргүчүнүн курулушуна €100 млн бөлөт. Муну энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда билдирди.

Министр Кыргызстан жаңыланган энергия булактарына багытталганын, гидроэнергетиканы, күн жана шамал электр станцияларын активдүү өнүктүрүп жатканын билдирди.

«Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кемин менен Балыкчынын ортосунда 500 кВ кубаттуулуктагы электр өткөргүчүн түзүүдө катышып жатат. Балыкчы аймагында учурда жалпы кубаттуулугу 3 ГВт чамасындагы жашыл энергияга иштеген объектилер курулууда. Бул электроэнергияны бөлүштүрүү үчүн подстанция талап кылынат, бизде 220 кВ подстанциясы бар, бирок 500 кВ подстанциясы керек. Мына ошондуктан ЕБРР Кемин – Балыкчы электр өткөргүчүнүн курулушуна €100 млн бөлдү», - деди Ибраев.

Министр ошондой эле Ислам банкынан бирдикте Тамга – Каракол электр өткөргүчүнүн долбоорун иштеп чыгууга киришкенин кошумчалады.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК