Нарындын суу түтүктөрү үчүн $32,35 миллиондук кредит. ЖК келишимди бекитти
Көрсөтүлгөн суммага $5,35 миллиону грант катары берилет, ал эми калган $27 миллиону 32 жылдык мөөнөткө 1,5% жылдык пайыздык ставкасында кредитке берилет. Алгачкы үч жылдык жеңилдик мезгилинде пайыздык ставка 1% жылдык болот.
Бул каржылоолор «Нарын облусундагы айылдык суу камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасы» долбоорун толуктайт.
Заң долбоорунун негиздемесинде мурда бөлүнгөн каражаттарга АБР тарабынан 43 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалганы көрсөтүлгөн, ал эми 20 айылда курулуш иштерине башталган. Бирок, 23 айылдагы суу камсыздоо системасын аяктоо үчүн каражат жетишпейт.
Обсудим?
Смотрите также: