Турак жайды ижарага берүү - ишкерчилик түрлөрүнүн бири, - ГНС
Ал белгилегендей, кыймылсыз мүлк аркылуу ишкердик менен алектенген адамдар ар бир ай сайын мамлекеттик бюджетке салык төлөөгө милдеттүү.
Салык өлчөмү наличный эсептөө үчүн 6% жана безналичный эсептөө үчүн 4% деңгээлине коюлган.
Контейнерлерди жана базарлардагы соода аянттарын ижарага алуу маселесинде, ушул объекттер үчүн патенттик салык системасы каралган.
«Патенттик система боюнча төлөм ижарага алынган объекттин аянтынан көз каранды. Бишкекте патенттин баасы 1 квадрат метрге 30 сомду түзөт. Мисалы, ижарага берилген батирдин аянты 100 кв.м болсо, патенттин салыгы 3000 сомду түзөт», - деп түшүндүрдү Рахманов.
Обсудим?
Смотрите также: