Чүй облусунда Кытай компаниясы менен биргеликте $30 млн.га бажы-логистикалык парк курулат
Биринчи жолугушуу «Кытай-Кыргыз өнөржай өнүктүрүү Кайюань (Синьцзян) Лтд» компаниясынын жетекчилиги менен болду. Катышучулар Чүй облусунда курулушу пландалган «Азия-Европа алтын жолу» эл аралык бажы-логистикалык паркынын долбоорун талкуулашты.
Маалыматта, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жер участок берилери белгиленди. Курулуш аяктагандан кийин парк эки өлкөнүн экспорт-импорт операцияларын тейлейт. Долбоорго божомолдонгон инвестициялар 30 миллион долларды түзөт.
Мындан тышкары, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандум былтыр VIII Ысык-Көл экономикалык форуму алкагында кол коюлганын белгилөө зарыл.
Обсудим?
Смотрите также: