Ош облустук балдар ооруканасында санариптик рентген аппараты коюлду
Мурда бул мекемеде жалгыз рентген кабинети иштеген, бул болсо кабыл алуу бөлүмүндө узун кезектердин пайда болушуна жана оор абалдагы бейтаптарды ташууда кыйынчылыктарга алып келген.
«Бул көйгөйдү жоюуу үчүн консультативдик-диагностикалык бөлүмдө жаңы коридор курулуп, амбулатордук бейтаптар үчүн өзүнчө кабинет түзүлдү, анда эми жаңы санариптик рентген аппараты орнотулду», - деп маалымат берилген пресс-релизде.
Оорукананын директору Жыргалбек Жороев бул аппарат медициналык кызматтарды бейтаптар үчүн жеткиликтүү кылууда чоң оңдолорду алып келээрин белгиледи.
Обсудим?
Смотрите также: