РУС
Акыркы жаңылыктар » Ден соолук » Ош шаарындагы балдар ооруканасында заманбап санарип рентген аппараты орнотулду
Ден соолук

Ош шаарындагы балдар ооруканасында заманбап санарип рентген аппараты орнотулду

144
Ош шаарындагы балдар ооруканасында заманбап санарип рентген аппараты орнотулду





Ош облусунун балдар клиникалык ооруканасында жаңы санарип рентген аппараты ишке киргизилди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул жабдык Дүйнөлүк банк тарабынан "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу программа" долбоорунун алкагында министрликтин колдосу менен сатып алынган.

Мурда бул мекемеде жалгыз рентген кабинети болгон, бул кабыл алуу бөлүмүндө кезектердин пайда болушуна жана оор бейтаптарды өткөрүүнү кыйындатууга алып келген. Мултду жакшыртуу үчүн консультациялык-диагностикалык бөлүмдө өзүнчө коридор курулуп, амбулатордук бейтаптар үчүн жаңы кабинет түзүлгөн, мында аталган рентген аппараты орнотулду.

Оорукананын директору Жыргалбек Жороев, бул жаңылык медициналык жардамды жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана балдардын ден соолугун жакшыртууга багытталганын белгилеп, "Саламаттуу коомду түзүү балдарга кам көрүүдөн башталат, анткени алар - улуттун келечеги" деп кошумчалады.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК