РУС
Акыркы жаңылыктар » Ден соолук » Вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө борборунда бүйрөктүн ооруларын аныктоо үчүн Фиброэластография кабинети иштей баштады
Ден соолук

Вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө борборунда бүйрөктүн ооруларын аныктоо үчүн Фиброэластография кабинети иштей баштады

362
Республикалык вирустук гепатиттер жана ВИЧ борборунда бүйрөктүн ооруларын эрте аныктоо жана бүйрөк рагын алдын алуу үчүн Фиброэластография кабинети иштей баштады.

Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматка ылайык, фиброскан аппараты бүйрөктүн абалын оорусуз баалоого мүмкүнчүлүк берет. Борбор үч фиброскан аппараты жана үч УЗИ аппараты менен жабдылган.

Кабинет 10-февралда ишин баштады, азыркы учурда 156 пациенттин текшерүүсү жүргүзүлгөн.

Маанилүү жери, процедурага бир күн калганда, ашказан газын пайда кылуучу азыктардын, мисалы, сүт азыктары, буурчактар, кондитердик азыктар жана кара нанды рациондон чыгаруу керек. Изилдөө ач карынга же акыркы тамактан 4-6 саат өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Борбор Бишкектеги Логвиненко көчөсүндө, 8-номерде жайгашкан. Прием даргерден (поликлиникандан) жолдомо болгондо акысыз жүргүзүлөт.

Кабинет дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү 8:30дан 12:00гө чейин иштейт.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК