Бишкек шаарындагы №24 мектептин командасы Россиядагы Эл аралык робототехника чемпионатына катышат
Мелдештин ачылышында Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.
Бул мелдештердин максаты – балдардын интеллекттик жана чыгармачылык потенциалын стимулдаштыруу, ошондой эле мектеп окуучуларын техникалык конструктордук, робототехника, ошондой эле сенсордук технологиялар боюнча программалоо менен өтүү боюнча кызыгуусун арттыруу.
Иш чарага 42 катышуучу, 12 командага бөлүнгөн. Аларды 5 команда эл аралык билим берүү STEM-мелдештин «Лига» категориясында, ал эми 7 команда жаңылыкка киргендер үчүн «Дерзай, робот!» аталышындагы конкурста атаандашышты. Бул командалардан 4 орто курактагы, 3 кичинекей группа болуп чыкты.
№24 мектептин Bober Nova командасы тандоодон өтүп, 2025-жылдын 25-27-апрелинде Россиянын Сахалинында өтүүчү «Эл аралык улуттук робототехника чемпионаты – Сахалин 6.0» мелдешинде катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Обсудим?
Смотрите также: