Кадамжайда мектеп окуучулары арасында волейбол боюнча мелдештер өттү
Турнирге 14 команда катышты: 7 кыздар командасы жана ошондой эле 7 уулдар командасы.
Кыздар арасында биринчи орунду райондук мектеп-лицейинин окуучулары жеңип алышты. Экинчи орунду А.Төралиев атындагы мектептин командасы, үчүнчү орунду «Охна» гимназиясы ээледи.
Эркектер арасында биринчи орунду Исфайрам мектебинин өкүлдөрү, экинчи орунду Б.Айтматов атындагы гимназиянын окуучулары, үчүнчү орунду Солтонов атындагы мектептин командасы алышты.
Обсудим?
Смотрите также: