РУС
Акыркы жаңылыктар » Спорт » Алты жайылдык балбандар эл аралык күрөш турнирына катышып, сыйлыкка ээ болушту
Спорт

Алты жайылдык балбандар эл аралык күрөш турнирына катышып, сыйлыкка ээ болушту

499
2023-жылдын 8-9-февралында Беловодское айылында, «Урожай» спорт комплекси базасында, Москва районунун кубогуна арналган 3-эларалык эркин күрөш боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке 400 жаш спортчу катышты.

Жайыл районунан 20 спортчу мыкты жыйынтык көрсөтүп, 13ү байгелүү орундарды ээледи:

- 21 кг чейин категорияда биринчи орунду Жон-Арык айылынан Ырыскелди Мусабаев, анын машыктыруучусу — Каныбек Джанысаков ээледи;

- 23 кг салмакта үчүнчү орунду Эрикту айылынан Алишер Медетбеков, машыктыруучусу: Замир Бадакеев;

- 25 кг категорияда биринчи орунду дагы Эрикту айылынан Усман Медетбеков, машыктыруучусу: Замир Бадакеев;

- 27 кг салмакта үчүнчү орунду Эрикту айылынан Атай Мелисбеков, машыктыруучусу: Замир Бадакеев;

- ошол эле категорияда экинчи орунду Сары-Булак айылынан Раатбек Нурубеков, машыктыруучусу: Рустам Мисиров;

- 27 кг салмакта биринчи орунду Алексеевка айылынан Нуркелди Алишеров, машыктыруучусу: Мурат Курманалиев;

- 29 кг категорияда үчүнчү орунду Ставрополовка айылынан Кутман Дуйшенкулов, машыктыруучусу: Жаркынбек Асылбек уулу;

- 32 кг салмакта экинчи орунду Кара-Балтадан Эркин Эсенбеков, СК «Манас», машыктыруучусу: Кенжебек Абдраев;

- 35 кг категорияда экинчи орунду Кара-Балтадан Баяман Асанов, СК «Манас», машыктыруучусу: Рамис Абылабеков;

- 41 кг салмакта биринчи орунду Кара-Балтадан Сылыка Апсалбеков, машыктыруучусу: Руслан Атакеев;

- 57 кг категорияда экинчи орунду Кара-Балтадан Аман Борбуев, машыктыруучусу: Руслан Атакеев;

- 62 кг салмакта үчүнчү орунду Ново-Николаевка айылынан Султанали Шавкетов, машыктыруучусу: Руслан Атакеев;

- ошондой эле 62 кг салмакта үчүнчү орунду Сосновка айылынан Бектен Каныбеков, машыктыруучусу: Бакыт Абдыразаков.

Бардык жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду ээлегендер диплом, эскерүү медалдары жана Москва ДЮСШдан баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Эң мыкты машыктыруучу катары белгиленген Рустам Мисиров сыйлык катары түстүү телевизор алды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК