РУС
Акыркы жаңылыктар » Спорт » Токмокто аялдар командасы арасында волейбол боюнча турнир өттү
Спорт

Токмокто аялдар командасы арасында волейбол боюнча турнир өттү

378
Эл аралык аялдар күнүнө карата Токмокто, №5 орто мектепте волейбол турнири өткөрүлдү, ага 6 команда катышты.

Жергиликтүү администрациянын маалыматына караганда, ачылыш аземинде мэриянын башкы адиси Айгуль Ногойбаева спортчуларды майрамы менен куттуктап, ар бир командага ийгиликтерди каалады.

Турнирдин уюштууруучусу Айнура Джоокаева, ушул айда аялдардын улуттук командасынын түзүлгөндүгүнө 10 жыл толорун белгиледи.

Турнирге төмөнкү командалар катышты:

- медициналык колледждин педагогикалык жамааты,

- «Медколледж» студенттери,

- Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү,

- мугалимдер командасы,

- «Позитив» жана «Ак-Жол» командалары.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча, биринчи орунду «Позитив» командасы ээледи, экинчи орун «Ак-Жол» командасына, ал эми үчүнчү орунду «Медколледж» студенттери алышты. Бардык жеңүүчүлөр грамота жана белектер алышты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК