Таласта күч структуралары өз чеберчилигин мини-футбол жана волейбол боюнча көрсөтүштү. Фото
«Коолчук өлкө - күчтүү өлкө» ураанынын алдындагы командалар мини-футбол жана волейбол боюнча күч сынашты. Бул иш-чараларда облустук милиция, прокуратура, ГКНБ, МЧС, соттор жана Чек ара кызматтарынын кызматкерлеринин катышты.
Мини-футбол боюнча мелдеште биринчи орунду Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын командасы, экинчи орунду МЧСдин командасы, үчүнчү орунду Чек ара кызматы алды.
Волейбол боюнча жеңишти МЧСдин командасы, экинчи орунду Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунду Чек ара кызматтарынын командасы ээледи.
Бардык жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Обсудим?
Смотрите также: