Бишкекте «Достук» футзал турнири өткөрүлдү
Сынактар физикалык культура жана спорт жаатында иштеп жаткан кызматкерлер үчүн уюштурулуп, жети облустан командалар катышты, жалпы 100гө жакын катышуучу болду.
Шаар мэриясынын физикалык культура жана спорт, ошондой эле туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти бул турнирди Кыргыз Республика башчысынын футболду өнүктүрүү боюнча 2024-2034-жылдарга карата чыгарган жарлыгынын негизинде даярдады.
Турнирдын жыйынтыктары:
1-орун – Чүй облусунун командасы;
2-орун – Ысык-Көл облусунун командасы;
3-орун – Нарын облусунун командасы.
Командалык сыйлыктардан тышкары, турнире эң жакшы оюнчуларга ар түрдүү номинациялар боюнча жеке сыйлыктар да тапшырылды.
Обсудим?
Смотрите также: