РУС
Акыркы жаңылыктар » Спорт » Нарын шаарында хоккей боюнча республикалык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды
Спорт

Нарын шаарында хоккей боюнча республикалык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды

243
Республикалык хоккей турнири 16-февралда Нарын облусунда өттү.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматтарына ылайык, финалда эки команда каршылашты: Бишкектен «Кыргыз темир жолу» жана Нарындан «Нарын шумкарлары». Катаал таймашта Нарын шаарынын командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Турнирдин жыйынтыктары:

- 1-орун — «Нарын шумкарлары» (Нарын шаары) — сыйлык 100 миң сом;

- 2-орун — «Кыргыз темир жолу» (Бишкек шаары) — сыйлык 60 миң сом;

- 3-орун — «Жумгал-Шортон» (Жумгал району) — сыйлык 40 миң сом;

- 4-орун — «Ардагер шумкарлары» (Нарын шаары) — сыйлык 20 миң сом.

Ошондой эле турниринин жүрүшүндө беш категорияда сыйлыктар берилди:

- эң мыкты дарбазачы — Урматбек Турсунбеков (Нарын шумкарлары);

- эң мыкты оюнчу — Адилет Альчикенов (Жумгал-Шортон);

- эң мыкты бомбардер — Эдил Өмүрбеков (Кыргыз темир жолу);

- эң мыкты чабуулчу — Турсунбек Урматов (Ардагер шумкарлары);

- эң мыкты калыс — Ынтымак Абдыкалыков.

Турнир 15-16-февралда Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аярында өттү.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК