РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтет
Саясат

Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтет

357
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнү пландаштырууда.

Жиддада өткөн Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңеше сессиясынын жүрүшүндө Кыргызстандын Саудия Аравиясындагы элчиси Улукбек Мариповдун Тунистын Тышкы иштер министри Мохамед Али Нафти жана Сенегалдын Тышкы иштер министри Яссин Фал менен жолугушуулары болду.

Тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маанилүү аспекттерин, анын ичинде эл аралык уюмдар чегинде өз ара байланыштарды талкуулашты. Атап айтканда, саясий жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү перспективаларына, анын ичинде жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө басым жасалды.

Улукбек Марипов ошондой эле Кыргызстан жетекчилигинин Тунис жана Сенегал президенттерине жөнөткөн каттарын көчүрмөлөрүн тапшырды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК