Жогорку Кеңештин депутаттарына ЧУККнын Куткаруучуларды даярдоо боюнча Мамлекеттик борборунун иши көрсөтүлдү

ЧУККнын орун басары Урматбек Шамырканов депутаттар үчүн экскурсия өткөрүп, жеке курамды тааныштырып, аскер бөлүгүндөгү жабдыктардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү, ошондой эле жарандык коргонуу чөйрөсүнө тиешелүү базалык лагерлерде иш жүргүзүүгө байланыштуу процесстерди көрсөттү.
Урматбек Шамыркановдун айтымында, КДМБ 2002-жылы куткаруучуларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле жаратылыш жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча жетекчилерди окутуу максатында негизделген. 2024-жылы борбордун материалдык-техникалык базасын жаңылоого 35 миллион сом бөлүү пландалууда.


Депутаттарга өзгөчө тактикалык машыгуулар көрсөтүлдү, анын учурунда ЧУККнын куткаруучулары өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, ошондой эле эл аралык ИНСАРАГ уюмуна кирүүгө байланыштуу процедурларды көрсөттү.
Эскерте кетсек, ИНСАРАГ эл аралык консультативдик тобу – Бул Бириккен Улуттар Уюмунун көлөмдүү куткаруучулар тармагы болуп, 2002-жылдан бери дүйнөнүн 90дан ашык өлкөлөрүн камтыйт.
Обсудим?
Смотрите также: