РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Венгрияда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Саясат

Венгрияда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

226
Кыргызстан Республикасынын биринчи вице-премьер министри Данияр Амангельдиев Венгрияга жасаган иш сапары учурунда Венгриянын улуттук экономика министри Мартон Над менен жолугууну өткөрдү.

Данияр Амангельдиев эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы боюнча, анын ичинде кыргызстандыктарды Венгрияда жумушка орнотууну карап чыгышты. Тийиштүү келишимди түзүү үчүн мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Талкууга Кыргыз Республикасындагы Венгриянын ардактуу консулу Эндре Эрдош дагы катышты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК