РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Рускони: Италия Кыргызстанды жаңы эл аралык өнөктөш катары карап жатат
Саясат

Рускони: Италия Кыргызстанды жаңы эл аралык өнөктөш катары карап жатат

218
20-февраль күнү Италиядагы Кыргызстан элчиси Таалай Базарбаев менен Италиянын өнүгүү кызматташтыгы агенттигинин директору Марко Риккардо Русконин ортосунда маанилүү жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөр учурасында Базарбаев италиялык тарапка кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана кызматташтык үчүн негизги багыттар айыл чарба, саламаттыкты сактоо, тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүлөрүнө ылайыкташуу сыяктуу тармактар болушу мүмкүн экенин билдирди.

Жолугушууда аталган тармактар боюнча өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК