РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Трамп: Америкалык эл кыргыз-тажик чегиндеги келишимди тосуп алат
Саясат

Трамп: Америкалык эл кыргыз-тажик чегиндеги келишимди тосуп алат

289

«АКШ Кыргызстандын суверенитетин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо өз милдеттемелерин аткарып келет»


Дональд Трамп Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бул майрам жаңылануунун, тынчтык жана гүлдөгөн келечектин символу. Мен ошондой эле Тажикистан менен чек араны жакында тактоо тууралуу белгилеп кетким келет — бул маанилүү жетишиштер, ал Кыргызстандын жана Тажикистандын коопсуздугун күчөтүү менен экономикалык пайда алып келет. Америкалык эл бул тарыхый келишимди жана анын алып келчү туруктуулугун кубаттайт. Бириккен Штаттар Кыргыз Республикасына суверенитетти, көз карандысыздыкты жана аймактык бүтүндүктү колдоодо ишенимдүү өнөктөштөр болуп калат», - деп айтылган куттуктоо билдирүүсүндө.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК