РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » АКШнын президенти Нооруз майрамы менен куттуктады
Саясат

АКШнын президенти Нооруз майрамы менен куттуктады

132
Ак Үйдүн расмий сайтында Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоо жарыяланды.

Салтанаттуу билдирүүсүндө АКШнын президенти Дональд Трамп “бул байыркы Нооруз майрамын, Америка Кошмо Штаттарында жана дүйнө жүзүндө белгилегендердин баарына, чын дилимден куттуктайм” деп белгилеп, персия маданиятынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент “Нооруз — персия элинин кубанычтуу окуясы, ал жаздын келиши жана персия календары боюнча жаңы жылдын башталышын символдоштурган майрам” деп белгиледи. “Бул эски салт өткөн жылдын берекелерин ойлонуп, жазды жаңы оптимизм менен кароого мүмкүнчүлүк берет.

Персия маданияты, анын бай тарыхы жана математика, илим, мыйзам, технология жана искусство сыяктуу тармактардагы көрүнүктүү жетишкендиктери менен коомдун өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошот. Америка Кошмо Штаттарынын атынан сизди ушул улуу майрам менен куттуктайм,” — деп айтылат билдирүүдө.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК