Bishkek Petroleum АЗСында мыйзамсыз алкоголь товарлары сатылып жаткандыгы аныкталды, - Мамаликат Alkohol
Агенттик 2025-жылдын 12-февралында Бишкек шаарындагы, Первомай районундагы, Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан Bishkek Petroleum АЗСында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөндүгүн билдирди.
«Текшерүү учурунда алкогольдук продукциялар акциз маркаларсыз сатылып жаткандыгы аныкталды, 463 бирдик товар табылган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү», - деп маалымдалат билдирүүдө.
Кошумча маалымат:
Bishkek Petroleum АЗСсынын расмий аталышы — ОсОО «ШНОС».
Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, ОсОО «ШНОС» сырттан катышуусу жок жана 2007-жылдын 16-августунда кайра катталган. Негизги ишмердүүлүгү атайын дүкөндөр аркылуу кыймылдуу отун соодасын жүргүзүү болуп саналат. Компаниянын башкы директору – Шарипов Максатбек Асанович, ал эми негиздөөчүсү «Лидер-плюс» жабык акционердик коом болуп саналат.
Обсудим?
Смотрите также: