Бишкекзеленстройдун кызматкерлерине тендердеги алдамчылык боюнча иш козголду
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган. 2024-жылдын октябрь айынан бери белгилүү бир паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ОсОО «А» тарабынан акысыз негизде ишке ашырылып жаткандыгы аныкталды, бирок муниципалдык ишкана 14 миллион 538 миң 766 сомдук тендер уюштурган. Маалыматка ылайык, бул акчаны жымкырууу максаты менен жасалган жана натыйжасында ишкана өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн аталган ОсООго тендерде жеңиш жаратып берүүнү көздөгөн.
Мындан тышкары, Башкы прокуратура тендердин жыйынтыгында жеңүүчү болуп ОсОО «З» табылганын, бирок ага жогоруда аталган ОсОО «А» ишти жүргүзгөндүктөн келишимдин токтотулганын белгилөөдө.
Аныкталган фактылар боюнча «Бишкекзеленстрой» кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасының Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.
Обсудим?
Смотрите также: