Тажикстандан дары-дармек контрабандасы: Баткендик тургун кармалды
Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, быйыл 3-мартта Дөбө районунда чек ара кызматы Тажикстандан Кыргызстанга контрабанда менен дары-дармектерди алып кирүүгө аракет кылган жаранды кармады.
Анын жүгүнөн мындайлар табылды:
- «Herpinize-250» — 160 даана (бир упаковкасынын наркы 150-200 сом);
- «Methotrexate Injektion IP Plastomet-50» — 400 даана (бир упаковкасы 1000 сом);
- «Galcyclovir» — 509 даана (наркы 200-300 сом);
- «Candibiotic Plus» — 3500 даана (бир упаковкасынын наркы 500 сом).
Кармалган адам 36 жаштагы Дөбө айылында жашаган К. Ы. аттуу жаран болду.
Учурда бул иш боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.
Обсудим?
Смотрите также: