Чек арасында 6 тонна тооктун фаршын ташууга аракет кылышкан – эки киши кармалды
Окуя 18-февралда, саат 19:50 чамасында Булак-Башы – Бешкент жолунда, «Максат» чек ара постуна жакын жердеги участкта орун алды. Бул жерде УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери күмөндүү "Мерседес-Бенц Спринтер" маркасындагы эки унааны токтотту.
Текшерүүнүн натыйжасында айдоочулардын жүктү ташууга керектүү документтери жок экени белгилүү болду. Бир унаа Жаштык айылында жашаган 36 жаштагы Ч.Ж.К.ге таандык, ал унаада 2 800 килограмм муздатылган тооктун фаршы бар эле.
Экинчи унаа дагы Жаштык айылында жашаган 36 жаштагы Б.К.М.ге таандык болуп чыкты. Анын унаасында 3 200 килограмм муздатылган тооктун фаршы табылды.
Учурда зарыл болгон тергөө иштери улантылууда.
Обсудим?
Смотрите также: