Узбекистандык аял кыргыз-казак чек арасына жөө бойдон кесип өттү
Чек ара отряды патруль жүргүзүп жатып, Казакстандагы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан Mercedes-Benz маркалы унааны байкаган. Андан соң алар мүмкүн болгон бузулган жерге жөнөшүп, Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясынан өтүп келген аялды кармашкан. Кармалган аялдын жеке өздүгүн аныктоочу эч кандай документтери жок болчу.
Кармалган аялдын айтымында, анын аты У.М.Р, 40 жашта жана Узбекистан жараны. Бардык зарыл процедуралар аткарылган соң, кармалган аял тиешелүү органдарга өткөрүлүп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн иликтенүүгө жөнөтүлгөн.
Обсудим?
Смотрите также: