19-мартта, саат 16:00 чамасында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 59-километри боюнча Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (УОБДД) инспекторлору жакын жерде болушуп, дароо отту өчүрүүгө киришишти.
Билдирмеге ылайык, окуядан эч ким жабыркаган жок. Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жүргүзүлүүдө.