РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Кара-Суй районунда мамлекетке жер тилкеси жана анда жайгашкан курулуштар кайтарылды
Окуялар

Кара-Суй районунда мамлекетке жер тилкеси жана анда жайгашкан курулуштар кайтарылды

198
- Кара-Суй районунда жер тилкеси жана ага жайгашкан курулуштар кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) маалымат кызматынан билдиришти.

Жеке колго мыйзамсыз өткөрүлгөн объектилерди жана жерлерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн демилгелердин алкагында, ар кандай курулуштар жайгашкан жер тилкеси кайтарылды.

Текшерүү учурунда 2014-жылы айрым кызмат адамдары Кара-Суй районунун Курбан-Кара айылында жайгашкан жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөктөшкөнү аныкталды. Буга чейин бул жер тилкеси «ПСК им. Тааширова» айыл чарба кооперативине таандык болгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы менен, аталган жер тилкеси бардык курулуштар менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Учурда тиешелүү иш-аракеттер улантылууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК