Талас облусунда мамлекеттик мүлктү метептин реалдуу баасынан төмөн баада сатууга аракет кылышкан
Прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакай-Ата райондук сот аткаруучуларынын кызматына тиешелүү айрым кызматкерлер, «Талас мамлекеттик балыктары» мекемеси жана башка мамлекеттик түзүмдөр 104,5 гектар аянттагы жер тилкеси менен административдик имаратты 2 миллион 380 миң 729 сомго сатууга аракет кылышкан. Бул объекттин реалдуу баасы 162 миллион 106 миң 520 сомду түзгөн.
Прокуратура мамлекеттик менчикти өткөрүп берүүнүн алдын алып, коррупция схемасын токтотуусуна жетишти.
Учурата Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү иштери улантылууда.
Обсудим?
Смотрите также: