Депутат Ички иштер министрлигиндеги абал тууралуу: Жаш кызматкерлер кесипкөй эмес жана патриот эмес
Жогорку Кенештин жыйынында 13-февралда депутат Гуля Кожокулова Ички иштер министрлиги кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлинин жетишсиздигине көңүл бурду. Ал акыркы күндөрдө массалык маалымат каражаттары укук коргоо органдары кызматкерлеринин кармалышы менен байланышкан скандалдар тууралуу активдүү маалымдап жатканын белгиледи. "Жакында маалымат каражаттарында Октябрь районунун РОВДсынан 12 кызматкердин жумуштан бошотулганы тууралуу маалымат болгон. Акыркы учурда: Первомай районунун
