9-класстын окуучусу каза болду. ЖКда мектептеги рэкеттин көбөйүшү тууралуу маселе көтөрүлдү
Депутат Эрнис Айдаралиев билим берүү министрлигин жана жаштар менен иштөө боюнча инспекцияны мектептердеги рэкетчилерге каршы күрөштү күчтөндүрүүгө чакырды. 13-февралда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында ал мындай учурлардын өсүшүнө байланыштуу түйшүктүү оюн билдирип, 12-февралда Кара-Суу районундагы №39 мектепте улгайган окуучулар тарабынан сабалып, 9-класстын окуучусу каза болуп калганын айтты. «Биздин коомубуз кайда бара жатат? Бул өтө кайгылы жагдай. Алар ошол күндө Бишкекте 8-класстын
