Кара-Сууда асфальт өндүрүү заводун ишке киргизишти
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусундагы Беш-Мойнок айылында асфальт жана таш грануляциялаган жаңы заводду ачты.
Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, жаңы ишкана үч негизги чөйрөдө иштеп турат. Завод күн сайын 2 миң тонна асфальт өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, таштарды грануляциялоочу жабдык саатына 550 тонна өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Лоток жана тротуар плиткаларын чыгараткан линия күнүнө 4 миң даана продукция өндүрөт.
Бул ишкана жергиликтүү 60 жашоочунун жумуш ордун түзөт.
Обсудим?
Смотрите также:
