Транспорт министри Сыргабаев Ош — Араван — Чек-Абад автомобил жолунун курулушун текшерди
Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган автомобил жолунун курулушу «Кыргызавтожол-Юг» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.
Визит учурунда министр Абсаттар Сыргабаев «Кыргызавтожол-Юг» ишканасына 8-километрден 34-километрге чейинки жол участогун асфальттоо тапшырмасын берди. Ал курулуш иштеринин сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Ош — Араван — Чек-Абад жолу узак убакыттан бери өнүгүүсүз абалда турганы маалымдалган.
Обсудим?
Смотрите также: