Акыркы жаңылыктар » Общество » «Манасчынын тарыхы»: Манасчы Нооруз ырчынын тарыхы
Общество

«Манасчынын тарыхы»: Манасчы Нооруз ырчынын тарыхы

126
Улуттук театрда «Манас» 18-февралда «Манасчылар» китебинин сунушталуусу болуп өттү. Китепте акыркы 500 жылдын ичинде жашаган 150 манасчынын өмүр баяндары жана тарыхы чогултулду. Бул эмгектин автору манасчы жана театрдын директору Нурбек Талантбеков.

Китепте манасчынын хронологиялык таблицасы, Рысбай Исаков жазган куспалар менен коштолгон. Бул артист «Манас» эпосун 124 саат ичинде айтып бергени үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Нурбек Талантбеков манасчы искусствосунун жөн эле көңүл ачуучу же музыкалык көрсөтүү эмес экенин белгиледи.

«Биз манасчы искусствосу жана «Манас» эпосунун уникалдуу касиеттери бар экенин түшүнүп жатабыз, бүгүнкү күнгө чейин булар бүтүндөй илим тарабынан толук изилденген жок. Бул, тарых беттеринде калган мифтерде жана биз күбө болгон окуяларда көрүнүп турат. Мындан тышкары, «Манас» эпосу каармандарды элди жана жерди коргоо үчүн эрдикке шыктандырып келген. Манасчынын сөздөрүнүн таасирин баалоо мүмкүн эмес. Байтик сыяктуу инсандык жана ички күчкө ээ болгон Кыдыр Аке сыяктуу адамдар, дастандын өнүгүшүнө жардам берүү жана колдоо көрсөтүү – ар дайым зор урмат катары эсептешкен»,- деп кошумчлады ал.

Манасчыларга болгон ысымдардын канчасы учурдагы убакытка келип жетти жана канчасы белгисиз болуп калгандыгы тууралуу суроо ачык бойдон калууда. Жер-жерлерде азырынча так-айтуу мүмкүн эместигин билдиришет.

Автордун айтымында, алардын маанилүү миссиясы бүткүл манасчылардын ысымдарын элге жеткирүү. Тизме келечектеги чыгарылыштарда да үзгүлтүксүз жаңыртылып турат.

АКИpress’тин жаңы рубрикасы «Манасчынын тарыхы» боюнча биз 150 манасчынын ар биринин жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып беребиз.

Нооруз ырчы

Нооруз ырчы жөнүндө маалыматтар өтө аз, болгондо да жокко эне. Ал XVIII кылымда жашаган жана Келдибек менен Бакылоз сыяктуу жалдырарга үлгү боло алган.

Бирок, ал тууралуу айтпоо мүмкүн эмес. Тоголок Молдо Нооруз ырчы тууралуу төмөнкү саптарды калтырган:

Мурунку келген сөз менен,

Бура салбай жолунан.

Нооруз ырчы ырдаптыр,

Калганын тизип жамгарып.

Барган сайын толуктап,

Уккан адам таң калып.

Нооруздун арка жагынан,

Улап кетти тарыхты.

Өз уругу чоңчарык,

Абийир тапкан «Манастан».

Элден мурун үйрөнүп,

Айтып келген Таластан.

Үйрөнгөнүн билбеймин,

Нооруз ырчы каяктан?

Манасчы Рысбай Исаков дагы Нооруз ырчы тууралуу ырдайт:

Токтогул ырчы артынан,

Токтолбой чыгып шаңшыган.

Толкунга термеп укканды,

Торгойдой болуп таңшыган.

Нооруз ырчы чыгаттыр,

Ноюбай турган жарчыдан.

Ал дагы куру калбаптыр,

Аян алуу салтынан.

Айныбай айткан ырлары,

Абалкы жолдун наркынан.

Укмуштун бири болгон дейт,

Уккандын жаны балкыган.

Оозунан сөзү калбаптыр,

Ошого кейип, жанчылам.

Санактап бирок атагын,

Санжыра кылып артынам.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК