Акыркы жаңылыктар » Общество » Жылдын башынан тарта ГНС 48 миңден ашык жарандарынын телефон чалууну кабыл алды
Общество

Жылдын башынан тарта ГНС 48 миңден ашык жарандарынын телефон чалууну кабыл алды

174
Жылдын башынан тарта ГНС 48 миңден ашык жарандарынын телефон чалууну кабыл алды

2025-жылдын январь айынан март айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Call-борбору 48 434 кайрылууну кабыл алып, салык боюнча кеңештерди берип келген.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул сан өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 6 355 кайрылууга көп.

Эң көп кездешкен суроолор салык отчетун толтуруу, салык каттоосу, ГНСтин электрондук кызматтары менен иштөө, мүлк салыктары, салык декларацияларын тапшыруу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, ошондой эле карызы жок экендиги тууралуу справкаларды алуу жана башка салык суроолоруна байланыштуу болду.

Эскерте кетсек, 2024-жылы ГНСнин Call-борборуна 199 055 салык боюнча кайрылуу түшүп, бул 2023-жылдын салыштырмалуу мезгилине караганда 19 105 кайрылууга көп болгон.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК