Бишкекте кийимдерди өндүрүүчүлөр жана бөлүштүрүүчүлөр үчүн ярмарка өтөт
Иш-чара өндүрүүчүлөр, розничдик соода алышуучулар жана логистикалык компаниялар үчүн өз ара байланыш түзүү платформасы болочок.
Textile & Logistics Fair 2025 ярмаркасында стоктук товарлар сунушталат, ошондой эле жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана компаниялардын аброюн бекемдөө мүмкүнчүлүгү болот. Мындан сырткары, ярмарканын алкагында текстиль жана логистика тармагындагы актуалдуу маселелерге арналган бизнес программа өтөт.
Ярмаркада камтылган негизги тармактар:
- текстиль жана мода (матанын, кийимдердин, аксессуарлардын өндүрүүчүлөрү, складдардагы калган буюмдар);
- логистика жана транспорт (сактоого, жеткирүүгө жана таркатууга арналган чечимдер);
- өндүрүш үчүн товарлар (техникалык жабдыктар, упаковка, текстиль тармагына тиешелүү комплекттөөчүлөр).
Обсудим?
Смотрите также:
