Чырактар, жөөтоптор, балдар оюн аянтчалары жана воркаут-зоналар: Кант шаарында парк зонасын жаңылоо пландалууда
Бул маалыматты Turmush агенттигинин кабарчысына мэриянын басма сөз кызматынан беришти.
Кеңешке мэр Улан Майлибашев, анын орун басары Азамат Убалканов, проектировщик жана мэриянын адистери, ошондой эле жумуштарды жүзөгө ашыруу менен алектенүүчү подряддык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
«Жаштар аллеясынын» узундугу Гагарин көчөсү бойлой 11 миң квадрат метрди түзөт.
Проекттин алкагында жаңы чырактар орнотулуп, жөөтоптор салынып, балдар оюн аянтчалары жана воркаут зоналары түзүлөт, ошондой эле жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Маалым болгондой, проектте төрт подряддык уюм катышууда, алардын ар бири парктар жана коомдук жайларды түзүү боюнча чоң тажрыйбага ээ.
Обсудим?
Смотрите также: