РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Кара-Балтада жаштар арасында моралдык баалуулуктарды бекемдөө маселелери талкууланды
Коом

Кара-Балтада жаштар арасында моралдык баалуулуктарды бекемдөө маселелери талкууланды

255
20-февралда Кара-Балта шаарында «Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек» аттуу жаштар форуму өткөрүлдү, деп билдирет Turmushтун кабарчысы.

250дөн ашык катышуучу, анын ичинде мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери, ошондой эле Ички иштер министрлигинин, коомдук уюмдардын жана жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн чогулушту.

Шаар мэринин орун басары Нурмат Рыскулбек уулу да иш-чарада болду.

«Форум коопсуздук, жаштардын тарбиясы жана руханий баалуулуктарды бекемдөө маселелерине арналды», - деди ал.

Бул жолугушуу жергиликтүү башкаруу, жаштар структуралары жана коомчулуктун өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү платформа болуп, активдүү жана жооптуу коомду түзүүгө көмөктөшөт», - деп жазылат билдирүүдө.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК