Кара-Балтада 15 кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплексин куруу башталды — капсуланы президенттин иш башкаруучусу койдурду
Turmush агенттигинин билдирүү боюнча, иш-чарада президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
«Кара-Балта Сити» аталыштагы турак-жай комплексин куруу 33 гектар аянтта башталды. Проектте ар бир 15 кабаттуу 60 имарат камтылган.
Ошондой эле, долбоордун алкагында 750 орундук мектеп жана 280 орундук бала бакча куруу пландаштырылууда.
Туманбаев билдиргендей, совет заманынан бери Кара-Балтада заманбап стандарттарга ылайык көп кабаттуу үйлөр курулуган эмес. Жаңы турак-жай комплекси 4420 батир жайгашкан 60 блоктон турат.
Обсудим?
Смотрите также: