Кыргызстанда биринчи жолу Аталар күнүн белгилейт

Кыргыз улуттук филармониясында Т. Сатылгановдун атына 15-мартта "Аталар күнү" аттуу биринчи салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул иш-чаранын максаты, уюштуруучулардын айтымында, кыргыз элдин улуттук салттарын жайылтуу, үй-бүлөлүк мамиле түзүү жана аталарга болгон сый-урматты жогорулатуу.
Ошондой эле, Кыргызстандын “Аталар күнүн” белгилөө боюнча мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынганын баса белгилеп өтүү керек. Бул документке ылайык, Аталар күнү жыл сайын 15-мартта белгиленсе, Эне күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Обсудим?
Смотрите также: