БШКнын өкүлдөрү БУУ жана ПРООН менен жолугушту
Жолугушуунун жыйынтыктарында БШКнын өкүлдөрү шайлоодогу инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгүн жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуунун зарылдыгын белгилешти. Жаштарды шайлоо процессине тартууга жана алардын активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
«Жаштар жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, эми жаштар 35 жашка чейинги адамдар катары эсептелет. Натыйжада, республикалык шайлоочулардын катарында жаш шайлоочулардын (18ден 35 жашка чейин) үлүшү 43,57% ды түздү, бул 1 миллион 735 миң 417 адамга барабар.
Тараптар Кыргызстанда демократиялык процесстерди бекемдөө үчүн кызматташууга даяр экендигин билдиришти.
Обсудим?
Смотрите также: