РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Asman Airlines авиакомпаниясы расмий түрдө IATA кодун алды
Коом

Asman Airlines авиакомпаниясы расмий түрдө IATA кодун алды

150
2025-жылдын 6-мартында Asman Airlines авиакомпаниясы расмий түрдө Manas аталышынан келип чыккан IATA коду — MN менен сыйланды. Бул тууралуу «Кыргыстан аэропорттору» акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымат берди.
IATA коду — бул брондоо системаларында, учуу такталарында жана рейс графиктеринде колдонулган эки тамгадан турган идентификатор. Бул кодду Эл аралык аба транспортунун ассоциациясы (IATA) берет.
2024-жылы авиакомпания ошондой эле Кыргызстан аталышынан келип чыккан ICAO коду — KGNди калды.
ICAO коду — бул аба кыймылын башкаруу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн колдонулган үч тамгадан турган идентификатор. Бул кодду Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) берет.
IATA жана ICAO коддорунун алынышы — бул ар бир авиакомпания үчүн маанилүү кадам. Бул коддор эл аралык авиация чөйрөсүндө расмий таанууга көмөктөшүп, брондоо, рейстерди пландоо жана өнөктөштөр менен кызматташуу процессин жеңилдетет.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК