Кара-Балта шаарындагы муниципалдык кызматтарда геоинформациялык система киргизилмек
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ZuluGIS - бул муниципалдык кызматтарды башкаруунун инновациялык куралы, ал шаардык кызматтардын ишин оптимизациялаганга жана алардын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртканга арналган.
«Геодезия кызматы» компаниясынын адистери муниципалдык кызмат жетекчилери менен жыйын өткөрүп, интерактивдүү картанын жана анын функционалынын эффективдуу пайдаланылышы боюнча стратегияларды талкуулашты.
Мэрияда бул технологиянын киргизилиши Кара-Балтада жумуштун уюштурулушун кыйла жакшыртууга, кызматтар арасында координацияны арттырууга жана алардын өз ара байланыш процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет деген ишеним бар.
Обсудим?
Смотрите также: