Кочкор районуnda ак калпак күнү белгиленди
Иш-чарага район жетекчилигинин, ар кандай мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Ак калпак кийген адамдардан турган массалык процессия, колдорунда желектер менен, Кочкор айылындагы Баялы Исакеев жана Сагымбай Орозбаков көчөлөрү аркылуу өтүп, Сейил паркында токтоду. Бул жерде район жетекчилиги жергиликтүү калкты улуттук баш кийим — ак калпак күнү менен куттукту.
Ошондой эле, Кочкор районунун мектептеринде жана китепканаларында ак калпак күнүнө арналган иш-чаралар уюштурулуп, жаштар менен окуучуларга бул баш кийимдин мааниси жана баалуулугу жөнүндө айтып берилди.
Обсудим?
Смотрите также: