Таласта ГКНБнын ОБДД кызматкерлерин кармады - видео
Кызмат ордуна акча талап кылуу боюнча кылмыш иши козголду
Талас облусунда ОБДД кызматкерлерин акча талап кылуу боюнча шектелип кармалды.
КРнын ГКНБнын маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, 28-февралда Талас облусунун Айтматов районундагы ОБДДнын улук инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана кобос инспектору, милициянын сержанты Н.С.Ж. автоунааны айып пулдук токтотуучу жайдан кайтарып берүү үчүн акча алгандан кийин кармалды.
Кармалган экөө Талас шаарынын ОВДсынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
КРнын ГКНБсы жарандарды мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы коррупция фактылары боюнча 03422 5-20-43 жана 03422 5-28-58 номерлери аркылуу маалымат берүүгө чакырат.
ГКНБнын маалымат кызматынын сүрөтү
Обсудим?
Смотрите также: