ГКНБнын пресс-кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 11-февралына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында К. К. О. кармалды жана Талас ОВДсынын убактылуу камоо жайына жайгаштырылды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.